Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин поэтикалык-музыкалык кечеси болуп өттү (сүрөт)









Кечээ, 25-сентябрда Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Шайлообек Дүйшеевдин 75 жылдыгына арналган поэтикалык-музыкалык кече болуп өттү. Бул тууралуу Маданият министрлиги маалымдады.
Кечеге министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият министри Мирбек Мамбеталиев, коомдук жана саясий ишмерлер, маданият өкүлдөрү жана акындын жакындары катышты.
“Шайлообек агайдын ырлары – кыргыз рухунун, элдин жүрөгүнүн, турмуш чындыгынын көркөм элчиси. Агайдын чыгармачылыгы — бүтүндөй бир доордун үнү,”- деп белгиледи Мамбеталиев.
Кечеде акындын поэзиясы сахнада көркөм окулуп, музыкалык чыгармалар менен коштолду. Даректүү видеофильм, мизансценалар, ыр аткаруулар жана китеп көргөзмөсү уюштурулду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:50
2025-09-26
21:27
2025-09-26
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.