super.kg logo

Испания Газага гуманитардык жардам үчүн аскер кемесин жөнөттү

 

Испаниянын Аскер-деңиз флотуна таандык Furor аттуу деңиз операциялык кемеси Газа секторуна жөнөдү. Ал Картахена портунан чыгып, Жер Ортолук деңизиндеги "Глобалдык туруктуулук флоту" жайгашкан аймакка багыт алды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.

Испания өкмөтү бул кеме флотко кошулбай турганын, болгону гуманитардык жардам же куткаруу кырдаалдарында гана ишке киришерин билдирди.

Маалыматка ылайык, Furor – океандык күзөт милдетин аткарууга ылайыкташкан, медициналык мүмкүнчүлүгү бар деңиз операциялык кемеси. Анда 46 аскер кызматкери жана 4 дарыгер бар.

Белгилей кетсек, Испаниянын премьер-министри Педро Санчес кечээ Нью-Йоркто сүйлөп жатып, жарандардын Жер Ортолук деңизинде коопсуз жүрүү укугу сакталууга тийиш экенин белгилеп, флотко жардам берүү же куткаруу операциясын жүргүзүүгө керектүү бардык жабдуулар менен камсыздалган деңиз операциялык кемеси жолго чыгарын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: