super.kg logo

ИИМдин Кадр кызматынын 100 жылдыгына арналган спорттук иш-чара болуп өттү

 
24-25-сентябрь күндөрү "Динамо" түштүк спорттук комплексинде Ички иштер министрлигинин Кадр кызматынын 100 жылдыгына арналган мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, мелдештин ачылышына ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов, кадрлар башкы башкармалыгынын башчысы Алишер Барпиев жана башка чакырылган коноктор катышышты.
Катышуучулар аркан тартыш, кичи футбол жана Макаров тапанчасы менен ок атуу боюнча күч сынашты. Мелдешке ИИМдин ар кайсы бөлүмдөрүнүн курама командалары катышты.
Оюндун жыйынтыгы боюнча:
1-орун-Жалал-Абад ОИИБинин командасы, медаль, диплом, кубок жана акчалай сыйлык менен сыйланды;
2-орун ИИМдин күзөт кызматынын командасы, медаль, диплом, кубок жана акчалай сыйлык менен сыйланды;
3-орун ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын командасы, медаль, диплом, кубок жана акчалай сыйлык менен сыйланышты.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: