super.kg logo

Трамп Израилдин Батыш Жээкти аннексиялоо планына каршы чыкты

 

АКШ президенти Дональд Трамп Израилдин Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги палестин аймактарын аннексиялоо мүмкүнчүлүгүнө каршы чыкты. Ал 25-сентябрда Ак үйдө өткөн маалымат жыйынында "Израилге мындай кадамга барууга жол бербейм" деп билдирди.

Трамп ошондой эле Газа тилкесинде ок атышууну токтотуу жана узак мөөнөттүү тынчтык келишимине жетишүүгө үмүт артканын билдирди.

"Биз Газа боюнча келишимге, балким, тынчтыкка да абдан жакындап калдык",– деди ал.

Учурда Израил Батыш жээктеги еврей конуштарын кеңейтүүнү улантууда, айрым министрлер толук аннексияны да колдоодо. Эл аралык коомчулук бул аймактарды оккупацияланган деп тааныса да, Израил өз саясатын өзгөртпөй жатат.

Нетаньяхунун бүгүн, 26-сентябрда БУУ Башкы ассамблеясында сүйлөшү жана 29-сентябрда АКШ президенти менен жолугушуусу күтүлүүдө. Палестинаны мамлекет катары тааныган Батыш өлкөлөрүнө каршы Израилдин позициясы ушул иш-чараларда да көтөрүлөрү болжолдонууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: