Бишкек мэриясы ижарачыларга кайрылды
Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык менчикти ижарага алуучуларга карыздарын жана айыптарын тез арада төлөөнү эскертти.
Мекеме эгер убагында талаптар аткарылбаган учурда сот жана укук коргоо органдарына кайрылууга аргасыз болорун билдирди.
Ошондой эле мыйзамга ылайык ижара келишимдерин жокко чыгарууга жана объекттерди демонтаждоого чейин башка зарыл чараларды көрүүгө аргасыз болот.
"Бишкек шаарынын мэриясы бардык төлөнбөгөн карыздарды төлөп берүүңүздөрдү, ошондой эле IV квартал үчүн ижара акысын төлөөнү өтүнөт. Төлөбөй же көңүл бурулбай калган учурда, төлөбөгөндөрдүн аты-жөнү толук көрсөтүлгөн тизмелер жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат",- деп кайрылды мэрия.
Толук маалымат шилтемеде.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:50
2025-09-26
21:27
2025-09-26
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.