super.kg logo

Зеленский: "Трамп Украинанын орус аскерлерине жооп кайтаруусун колдойт"

 

Владимир Зеленский америкалык лидер менен жолугушуу учурунда Дональд Трамп Украинанын орус чабуулдарына жооп кайтаруусу керек экенин билдиргенин айтты. Бул тууралуу ал Axios басылмасына берген маегинде кабарлады.

"Эгер алар биздин энергетикага кол салышса, президент Трамп биз энергетикага каршы жооп кайтара алабыз деген идеяны колдойт",- деди Зеленский.

Зеленский ошондой эле Трамп орус учкучсуз учуучу аппараттары же ракеталарды чыгарган заводдору жөнүндө да ошол эле сөздү айтканын белгиледи.

Анын айтымында, Украинада орус аймагына сокку урууга жөндөмдүү дрондор бар. Бирок ал Трамптан согушту тезирээк баштоо үчүн кээ бир куралдарды сураганын да кошумчалады.

"Бизге бул керек, бирок биз сөзсүз куралды колдонобуз дегенди билдирбейт. Анткени эгер биз бул куралды колдонсок, менимче, бул Путинге кошумча басым жасайт жана аны сүйлөшүүгө отургузууга мажбур кылат",- деп кошумчалады Зеленский.

Бирок Зеленский кайсы курал жөнүндө сөз болуп жатканына так шилтеме берген жок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: