super.kg logo

Ак үйдөгү Байдендин портрети автоматтык түрдө кол койгон түзмөктүн сүрөтүнө алмаштырылды (видео)

 

АКШнын Ак үйүндөгү президенттик даңк аллеясынан мурдагы президент Жо Байдендин портрети алынып, анын ордуна автоматтык түрдө кол койгон түзмөктүн сүрөтү илинди.

Ак үйдүн расмий баракчасында жарыяланган сүрөттө президенттик даңк аллеясынан АКШнын мурдагы президенти Жо Байдендин портрети алынганын жана анын ордуна адамдын катышуусу жок документтерге кол коюуга мүмкүндүк берүүчү механизм түзмөгүнүн сүрөтү илингенин көрүүгө болот.

Буга чейин Дональд Трамп Байдендин жардамчылары анын кабары жок эле кол коюучу автоматтык түзмөктөрдү колдонуп, айрыкча ырайым берүү жана жазаны жеңилдетүү боюнча документтерге кол коюшкан деп айыптаган. Байден болсо бардык чечимдерди оозеки макулдаганын билдирген.

Жай мезгилинде Трамп Байден жана анын администрациясынын кызматкерлери боюнча ири тергөө жүргүзүүнү тапшырган. Анын айтымында, Байдендин колу миңдеген документтерде колдонулган.

АКШ лидери Трамп да президенттик кызматында автоматтык кол койгон түзмөктү колдонгонун моюнга алган, бирок ал аны каттарга жооп берүүдө гана колдонгонун айткан.






Трамп Ак үйдөгү Байдендин портретин автоматтык кол коюу түзмөгүнүн сүрөтүнө алмаштырды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: