Германияда кыргыз кызынын сүрөтү түшүрүлгөн мурал пайда болду
Берлинде Бишкектин basicolors арт-тобунун сүрөтчүлөрү кыргыз кызынын салттуу улуттук кийиминдеги муралын жаратышты. Бул тууралуу долбоордун демилгечилери билдиришти.
Маалыматка ылайык, KYZ POWER сериясындагы мурал Германиянын эң ири эл аралык Da Bridge Jam стрит-арт фестивалынын алкагында ишке ашырылган. Ага быйыл Европанын 40тан ашык белгилүү стрит-арт сүрөтчүлөрү катышты.
Муралдын автору Виктор Цой фестивалда биздин өлкөнү көрсөттү. Мурал чоң европалык фестивалдын бир бөлүгү гана болбостон, Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы өзүнчө көпүрө болуп калганы белгиленет.
"Муралдын борборунда салттуу кыргыз кийиминдеги кыздын сүрөтү түшүрүлгөн. Арткы планда KYZ POWER деген чоң жазуу жайгашкан, ал күч менен туруктуулуктун тайманбас билдирүүсү болуп саналат. Автордун ою боюнча, бул мурал көрүүчүлөргө биздин өлкөнүн аялдарынын сулуулугун жана күчүн көрсөтүүгө багытталган. Муралдардын сериясы тең укуктуулуктун жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн маанилүүлүгүн көтөрөт",- деп айтылат билдирүүдө.
Маалымат үчүн: basicolors – 1998-жылдан бери Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө масштабдуу муралдарды жана граффитилерди жаратып келе жаткан Бишкек арт-тобу.
