Трамп Путинди согуштук аракеттерди токтотууга чакырды
АКШнын президенти Дональд Трамп Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушууда Украинадагы согуштук аракеттерди сынга алды жана бул кырдаалды "өтө уят иш" деп мүнөздөдү. Анын айтымында, өткөн жумада гана согуш жүрүп жаткан аймакта 7 миңден ашуун адам каза болгон.
"Бул - адам өмүрлөрүнүн жөн гана кыйылышы. Согушту токтотуш керек. Путин токтотушу керек",- деди Трамп.
Буга чейин Трамп БУУнун сессиясында сүйлөп жатып Украинанын аймагындагы куралдуу жаңжалды жөнгө салууда Орусия тарап эч кандай прогресс көрсөтпөгөнүн айтып, Кремлди кескин сынга алган.
Ал Орусияны "кагаз жолборс" деп атап, өлкөнүн экономикасы кулап бара жатканын айткан. Мындан тышкары, Трамп НАТО өлкөлөрүнө орус энергоресурстарын сатып алууну толугу менен токтотууга чакырган кат жөнөткөн. Эрдоган менен жолугушуу учурунда ал ушул эле өтүнүчтү Түркия президентине айтканын кошумчалады.

