Министр Кулубаев Нью-Йоркто Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышты

ТИМ маалымдагандай, иш-чара Азербайжандын төрагалыгы алдында өттү. Анда күн тартибинин актуалдуу маселелери талкууланып, кеңешмени мындан ары институционалдык жактан өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтер кабыл алынды.
Кулубаев өз сөзүндө кеңешмени учурдагы глобалдык трансформациялар жана чакырыктар шартында көп тараптуу диалог жана кызматташтык үчүн маанилүү аянтча катары белгилеп, Кыргызстан өз ара урматтоо, ишеним жана жамааттык коопсуздук принциптерине берилгендигин ырастады.
Кыргызстан жогоруда белгиленген документтерди консенсус негизинде колдоп, кеңешмеге мүчө мамлекеттер ортосунда туруктуу жана ишенимдүү мамилелерди мындан ары да чыңдоого активдүү катышууга даяр экендигин тастыктады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:06
2025-09-26
0:17
2025-09-26
23:50
2025-09-25

23:06
2025-09-25

17:48
2025-09-25

Рейтинг:
0

