"Аватар: От жана күл" тасмасынын трейлери жарыяланды (видео)
Жеймс Кэмерондун атактуу "Аватар" тасмасынын үчүнчү бөлүгүнүн жаңы трейлери жарыяланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, "Аватар: От жана күл" тасмасы көрүүчүлөрдү кайрадан таң калычтуу Пандора планетасына алып барат.
Жаңы бөлүктө Варанг аттуу каарман – Күл элинин (Ash People) лидери жана негизги антагонист катары көрсөтүлөт.
Тасмада Жейк Салли жана анын үй-бүлөсү Пандора планетасында туш болгон жаңы сыноолор жөнүндө баяндалат. Актёрдук курамда Кейт Уинслет, Зои Салдана, Сигурни Уивер, Сэм Уортингтон жана башкалар бар.
Тасманын дүйнөлүк прокаты быйыл 19-декабрда башталат.
Эскерте кетсек, "Аватар" тасмасынын биринчи бөлүгү 2009-жылдын декабрында чыккан жана дүйнөлүк кинематографияда чоң жаңылык болгон. Ал эми уландысы "Аватар: Суунун жолу" – 13 жылдан кийин, 2022-жылдын декабрында көрсөтүлгөн.
"Аватар: От жана күл"" тасмасынын трейлери жарыяланды

