Кыргыз киночулары Пусан эл аралык кинофестивалынан чоң ийгилик менен кайтышты






Кыргыз киночулары Пусан эл аралык кинофестивалынан чоң ийгилик менен кайтышты. Бул тууралуу Маданият министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, 17-26-сентябрь күндөрү Түштүк Кореяда өткөн Азия жана Океания чөлкөмүнүн эң ири маданий аянтчасы - Пусан эл аралык кинофестивалы өз жыйынтыгын чыгарды.
Эң чоң ийгиликти режиссёрлор Эрке Жумакматова менен Эмил Атагелдиевдин "Курак" тасмасы багынтып, бир эле учурда эки сыйлыкка - "Бангладеш – Июль мемориалдык сыйлыгы" жана белгилүү режиссёр Ким Жисеок атындагы сыйлыкка ээ болду.
Фестивалдын башка программаларында да кыргыз авторлору өз долбоорлорун сунушташты. Самара Сагынбаева "Кооп коңгуроосу" тасмасы менен "Кең бурч" программасына катышса, Томирис Орозоева "Убакыт чөлүндө" долбоору менен Пусан Азия кино мектебине кабыл алынды. Ал эми Дастан Жапар Рыскелди "Азия Долбоорлор базарында", "Бөбөктөй илешкек" аттуу долбоорун тааныштырды.
Мындан тышкары, быйыл Бишкек эл аралык кинофестивалы Пусан фестивалынын "Asian Vision" конкурсунун расмий өнөктөшү болуп чыкты. Ушул кызматташтыктын алкагында кыргыз тарап индонезиялык режиссёр Реза Рахадиандын "Кучагында отуруу" фильмине атайын сыйлык тапшырды.
Маалымат үчүн: Пусан фестивалы - Азия жана дүйнөлүк кинонун башкы өндүрүштүк жана чыгармачыл борборлорунун бири. Кыргызстандын катышуусу улуттук кино өнөрүнүн жаңы деңгээлге көтөрүлүшүнө, эл аралык таанымдуулугу менен жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн ачылышына өбөлгө берди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:50
2025-09-26
21:27
2025-09-26
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.