Эми TikTok тиркемесин АКШ көзөмөлдөйт
АКШ президенти Дональд Трамп TikTok социалдык тармагынын АКШдагы инвесторлордон турган консорциумга өткөрүү тууралуу буйрукка кол койду. Маалым болгондой, компаниянын жалпы баасы 14 миллиард доллар деп бааланган. Жарлыктын тексти Ак үйдүн расмий сайтында жарыяланды.
Жарлыкка ылайык, АКШда TikTok'ту көзөмөлдөгөн жаңы компания түзүлөт, анын башкы кеңсеси АКШ аймагында жайгашат. Компаниянын негизги бөлүгүнүн акциялары жана көзөмөлү америкалык жарандарга тиешелүү болот. Ал эми кытайлык ByteDance компаниясы 20 пайыздан аз үлүшүн сактап калат.
Компаниянын ишин көзөмөлдөө үчүн жаңы директорлор кеңеши түзүлөт. Алар америкалык колдонуучулардын жеке маалыматтарын коргоо жана улуттук коопсуздукту камсыздоо үчүн жооптуу болушат.
Трамп бул макулдашуу боюнча Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшкөнүн жана ал макул болгонун билдирди. Анын айтымында, TikTok'тун АКШдагы ишмердүүлүгү толугу менен америкалык компаниялар менен инвесторлордун көзөмөлүндө болот. Ал бул келишимдин шарттарын АКШ үчүн "өтө пайдалуу" деп мүнөздөдү.
Бул жаңы этапта америкалык Oracle компаниясы чоң роль ойнойт. Инвесторлордун консорциумуна Oracle менен катар Silver Lake жана Andreessen Horowitz да кирип, алар жаңы түзүлгөн америкалык ишкананын 80 пайызга жакын үлүшүнө ээ болушат.
Эскерте кетсек, АКШда TikTok'ту сатуу же ишмердүүлүгүн токтотуу талабы камтылган мыйзамга 2024-жылы ошол учурдагы президент Жо Байден кол койгон. Дональд Трамп буга чейин платформаны жабууну бир нече жолу кийинкиге жылдырган. Бирок 2025-жылдын сентябрында ал ири компаниялардын тобу TikTok'ту сатып алууга даяр экенин жарыялаган.

