Шаарды суу каптап, дарактар кулаган. "Рагаса" тайфуну ондон ашык адамдын өмүрүн алды
Ушул жылдагы эң күчтүү бороон деп таанылган "Рагаса" тайфуну Тайванды жана Кытайдын түштүк аймактарын каптады. Анын кесепетинен 10дон ашык адам каза болуп, 100дөн ашык жаран дайынсыз жоголду.
Тайвандагы абал
Тайвандын саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, кырсыктын айнынан 14 адам каза болуп, 34 жаран жаракат алды. Ошондой эле 120 жаран дайынсыз болууда. Жарат алгандардын көпчүлүгү аралдын чыгыш бөлүгүндөгү Хуалянь уездинде катталды. Ал жакта нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен тоодогу суу сактагычтын плотинасы жарылып кеткен.
Бийлик Хуалянь уездине куткаруучуларды жана аскер кызматкерлерин куткаруу-издөө иш-чараларын жүргүзүүгө жөнөткөн.
"Биз катуу күркүрөгөн үндү уктук, бир нече мүнөттөн кийин суу айылга агып кирди, адамдар качып кетүүгө үлгүрүштү, бирок үйлөр талкаланган",- деп билдирген тургундардын бири NHK агенттигине.
Кытайдын түштүк тарабындагы кырдаал
Тайфун шаршемби күнү түштөн кийин Кытайдын Гуандун провинциясынын жээк аймактарына жеткен.
"Синьхуа" басылмасы жазгандай, миллиондон ашык адам эвакуация болууга аргасыз болду. Бийлик коркунучтун деңгээлин максималдуу экенин эскерткен.
Улуттук метеорологиялык борбордун маалыматына караганда, бул күнү шамалдын ылдамдыгы саатына 212 чакырымга, жээктеги толкундар 7 метрге жеткен.
South China Morning Post агенттиги Гуандунда мектептер, базарлар жабылып, транспорт токтотулганын жазды. Шэньчжэнде жүздөгөн аба каттамдары, автобус жана метро убактылуу ишин токтоткон.
Гонконгдо тайфундан 100дөн ашык киши жаракат алган. Тайфун болгон күнү бийлик эң жогорку - 10-деңгээлдеги эскертүүнү берип, кийинки күнү 3-деңгээлди сактап калды. Чоң толкундар Гонконгдун жээктерин каптап, сел жүрүп, жолдор менен үйлөрдү суу басты. Катуу шамалдан шаардагы жүздөн ашуун дарак кулады. Анда 50 убактылуу баш калкалоочу жай ачылып, ал жакта 900дөн ашуун адам баш калкалады.
Филиппиндеги абал
Тайфун Филиппиндин түндүгүнө да таасирин тийгизди. Жергиликтүү басылмалар билдиргендей, анын кесепетинен 4 адам каза болуп, 39 миңдей адам үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болгон.
Эксперттер тайфундун кыйратуучу күчү негизинен климаттын өзгөрүшүнө жана океандын температурасынын жогорулашына байланыштуу экенин айтышты.
Метеорологдор "Рагаса" акырындык менен алсырайт деп болжолдошууда. Бирок Кытайдын түштүгүндө жана жээктеги Тайванда нөшөрлөгөн жамгыр жана катуу шамал жок дегенде жуманын аягына чейин уланат. Эки аймактын бийликтери тургундарды үйдө калууга, жээкке жакын аймактардан алыс болууга жана расмий эскертүүлөргө кулак салууга чакырууда.
Видеодо Кытайдын Гуандун провинциясынын Чжухай жана Янцзя́н шаарлары көрсөтүлгөн.
Видео: Алишер Момунов.
"Рагаса" тайфуну

