super.kg logo

Израилдин Евровидениеге катышуусу онлайн добуш берүү менен чечилет

 

Европа Берүү Биримдиги (EBU) 2026-жылдагы "Евровидение" ыр сынагына Израилдин катышуусуна байланыштуу онлайн добуш берүү өткөрөрүн жарыялады. Добуш берүү ноябрдын башында өтүп, Израилдин сынакка катышуусу такталат. Бул тууралуу чет элдик басылмалдар жазышты.

Маалым болгондой, EBU президенти Дельфин Эрнот Кунси мүчө уюмдарга жөнөткөн катында Израилдин катышуусу боюнча пикирлер ар түрдүү экенин белгилеп, маселени "кең демократиялык аянтчага чыгаруу" зарылдыгын билдирди.

Айрым өлкөлөр (Испания, Нидерланд, Ирландия, Исландия жана Словения) Израил катышса, сынакты бойкот кыла турганын билдиришкен. 2026-жылдагы сынак Австриянын борбору Венада өтөт. Анда айрым өлкөлөр бойкот кылса да, сынакты пландалгандай өткөрөрүн айтылды.

Буга чейин 2022-жылы Орусия "Евровидениеден" чыгарылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: