super.kg logo
  Спорт  

Кыргызстандын спорт журналисттер федерациясына 30 жыл. Бишкекте атайын жыйын өттү

 

Бүгүн, 26-сентябрда Бишкекте Кыргызстандын спорт журналисттер федерациясына 30 жылдыгын утурлай жыйын болуп өттү. Ага спорт журналистикасына салым кошкондор катышты.

Аталган федерациянын президенти Улукбек Салымбеков спортчунун эмгегин, жеңишин экран, гезит, макала, видео аркылуу коомчулукка жеткирүүдө журналисттердин орду чоң экендигин белгилеп, аларды колдоо дагы да улана тургандыгын айтты.

Азия спорт журналисттер ассоциациясынын президенти Хи Дон Чжунг Кыргызстандын табиятына гана суктанбастан спортчулардын эмгегин айтып, айрыкча күрөш жаатындагы кыргыз балбандарынын жыйынтыктарын белгиледи. Ошондой эле бул багытта маалыматтарды жеткирүүдөгү журналисттердин кылган кызматы эбегейсиз зор экендигин кошумчалады. Сөз аягында спорт тууралуу жетишкендиктерди чагылдырып жаткан журналисттер ассоциациянын атайын белектерин алышты.

Мындан тышкары, Улуттук олимпиада комитетинин президенти Умбеталы Кыдыралиев кыргызстандык белгилүү спорттук баяндамачы, журналист, жазуучу Кабыл Макешовго алтын орден тапшырды. Ошондой эле бир катар журналисттер "Дене тарбия жана спорттун мыктысы" төш белгисин алышты.

Жыйын "Спорт журналистикасындагы айымдардын иш өзгөчөлүктөрү", "Журналист үчүн жеке брендди түзүү жана өнүктүрүү зарылчылыгы", "1 миллионго жакын катталуучусу бар спорттук агенттикти кантип түптөсө болот?" аттуу темаларда талкуулар менен уланды. Анда Казактан, Орусия жана Өзбекстан өлкөлөрүнөн келген спорт кабарчыларынын мыктылары тажрыйбаларын жана жетишкендиктерин айтып беришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: