super.kg logo

Анжелика: "Мени сатууга аракет кылган"

 

Ырчы, ишкер Анжелика Кайратова Казакстандагы "Женщина и Баракат" Ютуб каналына маек берип, аны сатып жаткан окуяга күбө болгонун билдирди.

Кайратованын айтымында, ийгиликтүү адамдар ага үйлөнүү үчүн 18 жашка чыгышын күтүп турган учурлар болгон.

"Мени сатып жатканына күбө болгом. Дароо апама айттым. Биз апам экөөбүз ал жактан качып кетишибиз керек экенин түшүндүк. Биз тааныган адамга турмушка чыктым. Ачык эле сүйлөштүк, күйөөм деле билчү. Ал деле буга күбө болгон",- деди ырчы айым.

Анжелика күйөөсү аны куткарганын, ал үчүн ага ыраазы экенин айтты.

"Көпчүлүгү эмнеге эрте турмушка чыгып жатканымды түшүнгөн эмес. Мен качып, аялдык бакытты тандаганымды түшүнгөн эмес. Бирок кайра 10 жылдан кийин ажырашуума себепчи болду. Ал (сатууга аракет кылган адам) социалдык тармакка мени сатууга аракет кылган адам менен чогуу түшкөн сүрөттү жүктөдү. Сүрөттү деле ал өзү тарткан. Ар кандай кептер менен 3 кызымдан кийин да ажыраштырды",- деп кошумчалады ал.

Кайратова болгон окуяны айтуу менен өзүнүн атын коргогусу келерин да айтты.

"Менин да кыздарым бой жетти, мен чындыкты айткым келет. Кийин алардын жаңы үй-булөсүндө апасы тууралуу жаман сөз айтылганын каалабайм",- деди Кайратова.

Ошондой эле ал болгон нерселерге эч кимди күнөөлөбөй турганын жана тескерисинче ыраазы экенин билдирди.






Анжелика Кайратова: "Мени ал адамга сатууга аракет кылган"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: