Израилдин Йеменге жасаган чабуулунан 9 адам каза тапты (видео)
Израил армиясынын Йемендин борбору Сана шаарына жасаган аба соккусунан улам кеминде 9 адам каза болуп, 174 адам жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, чабуул кечээ, 25-сентябрда болгон. Израил чабуул хуситтердин Израилдин Эйлат шаарына учкучсуз учак менен чабуул жасаганына жооп иретинде болгонун билдирди. Ал дрон чабуулунун натыйжасында Израилде 20дан ашуун адам жаракат алган.
Ал эми Израил Санадагы чабуулунда аскердик позицияларды бутага алганын маалымдады. Бирок хуситтерге байланыштуу "Аль-Масира" маалымат каражатынын билдирүүсүндө аба соккуларынын кесепетинен ондогон турак жайлар да жабыркаганы айтылат.
Израилдин маалыматы боюнча, бул операцияга 20 учкучсуз учак тартылып, алар шаардагы ар кыл райондорго жалпысынан 65 бомба ташташкан.
Израилдин аба соккусунан бир нече саат өткөн соң, хуситтер жооп катары Израил тарапка баллистикалык ракета учурган. Натыйжада Израилдин борбордук бөлүгүндө аба соккусунан коргонуу сигналдары иштеп, миңдеген израилдиктер баш калкалоочу жайларга кирүүгө мажбур болушкан.
Израил бийлиги ракета абада атып түшүрүлгөнүн жана жарандык калк арасында каза болгондор же жаракат алгандар катталбаганын билдирди.
Израилдин чабуулунан улам Йеменде 9 адам каза тапты

