super.kg logo

УКМК Бишкектеги курулуш компаниясынын жетекчилерин кармады

 

Бишкектин Чыгыш-5 кичи районунда жайгашкан "Санхаус плюс" турак жай комплексин курган курулуш компаниясынын жетекчилерине карата алдамчылык жана курулуш нормаларын бузуу фактылары боюнча кылмыш ишин козголду. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда УКМКдан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 24-сентябрда Фейсбукта комплекстин жашоочуларынын видео кайрылуусу жарыяланып, анда подрядчы өз милдеттенмелерин аткарбай, натыйжада имарат ишке берилбей жатканына нааразы болушкан.

Курулуш башталганга чейин компания турак жай комплексин эң ыңгайлуу шарттарды, анын ичинде коопсуздук системдерин, тосулган аймакты, жеке жер астындагы унаа токтотуучу жайды жана башкаларды сунуштайт деп жарнамалаган.

"Тургундардын кайрылууларын текшерүү учурунда үйдүн курулушу мыйзам бузуу жана макулдашылган долбоордон четтөө менен жүргүзүлгөндүгү аныкталган. Чындыгында жашоочулар долбоорго киргизилген жер астындагы унаа токтотуучу жайларды алышкан эмес.

Ишкананын жетекчилиги кирешени көбөйтүү максатында жер астындагы унаа токтотуучу жайды долбоорлоо документтерин жана курулуш нормаларын бузуу менен бекитилген пландан четтеп, коммерциялык жайга айландырганы аныкталган. Бул соода-сатык келишимдеринин шарттарын, комплекстин жашоочуларынын мыйзамдуу укуктарын бузуп, айланадагы жол абалын да начарлаткан",- деп жазылат маалыматта.

Компаниянын жетекчилери Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин жетекчилиги аркылуу аталган турак жайды мунапыска туш келген объекттердин тизмесине киргизүүгө бир нече жолу аракет жасашкан. Бул комплекстин жашоочуларын унаа токтотуучу жай менен камсыз кылуу боюнча милдеттенмелерин аткаруудан четтөөгө мүмкүндүк берет.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында курулуш ишканасынын директору О.Б.М. жана көзөмөл жүргүзгөн долбоорлоо уюмунун жетекчиси Б.Э.Б. кармалып, Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына камалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө жогоруда аталган адамдар долбоордун ишке ашпай жатканы боюнча өздөрүнүн аракеттери мыйзамсыз экенин моюнга алышып, жанаша жайгашкан аймакка тиешелүү унаа токтотуучу жайды талаптагыдай уюштурууну убада кылышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: