Вашингтондо өлүм жазасы 44 жылдан кийин кайра калыбына келтирилди
АКШ президенти Дональд Трамп Вашингтондо адам өлтүрүүгө шектелгендерди өлүм жазасына тартуу тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу маалымат Ак үйдүн расмий сайтында жарыяланды.
Жарлыкка ылайык, АКШнын борбору Вашингтон шаарында адам өлтүргөндөргө өлүм жазасы берилет.
Ак үй бул чара оор кылмыштардын алдын алуу жана коомдук коопсуздукту коргоо максатында кабыл алынганын белгиледи.
Дональд Трамп өз сөзүндө президенттик мөөнөтүнүн биринчи күнүндө эле федералдык деңгээлде өлүм жазасын кайра жандандыруу боюнча буйрук чыгарганын билдирди. Анын айтымында, бул жаңы жарлык ошол саясаттын уландысы болуп эсептелет.
"Биз бул жакта оюн ойнобойбуз",- деди Трамп.
Ошондой эле ал акыркы төрт жуманын ичинде Улуттук гвардиянын жоокерлери Вашингтонго жайгаштырылгандан кийин бир да киши өлтүрүү фактысы катталбаганын баса белгиледи.
"Эми Вашингтондо адам өлтүргөндөрдү өлүм жазасы күтөт",- деп билдирди ал.
Трамп мындай чечимди АКШнын борборунун өзгөчө макамы менен байланыштырып, акыркы жылдары аймактагы "жумшак саясат" кылмыштуулуктун өсүшүнө алып келгенин, бул шаар тургундарынын, коноктордун жана федералдык мекемелердин коопсуздугуна коркунуч туудурганын айтты.
2024-жылы Вашингтондо 100 миң тургунга 27,3 адам өлтүрүү фактысы туура келген. Бул - Нью-Йоркко караганда 6 эсе жогору, ошондой эле Чикаго, Атланта жана Комптондогу көрсөткүчтөрдөн ашып түшкөн.
АКШнын юстиция министри жана башкы прокурору Пэм Бондинин айтымында, өлүм жазасын өлкөнүн бардык аймагында колдонуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү администрациянын кийинки максаты болуп саналат.
Белгилей кетсек, Вашингтондо өлүм жазасы 1972-жылы Жогорку Соттун чечими менен токтотулган. 1981-жылы Колумбия аймагынын кеңеши бул жазаны толук жойгон, ал эми 1992-жылы өткөн референдумда шаар тургундары өлүм жазасын кайтарууга каршы добуш беришкен.

