Аскат Алагөзов: "Президенттин атын жамынган алдамчылардан сак болуңуз"
Президент Садыр Жапаровдун сүрөтүн жана атын пайдаланып, социалдык тармактарда алдамчылык жолдор менен каражат тапкан адамдардын аракеттери катталууда. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Анын айтымында, шылуундар “мамлекеттик долбоор” деген шылтоо менен аз өлчөмдө кошумча каражат алып, жарандарга карыз берүү сунуштарын таркатууда. Бул иште алар президенттин сүрөтүн жана атын колдонуп, ишеним жаратууга аракет кылышууда.
“Бул - эч кандай расмий негизге ээ эмес, фейк схема. Жарандар мындай алдамчылыкка алданбашы керек. Ар кандай сунуштар боюнча расмий органдарга кайрылууну сунуштайбыз”,- деди Алагөзов.
Президенттик аппарат жарандарды сак болууга жана шектүү байланыштарга ишенбөөгө чакырууда. Алдамчылык фактылары аныкталса, тиешелүү укук коргоо органдарына дароо кабар берүү сунушталат.



