Тарыхчы Осмонаалы Сыдык уулунун 150 жылдыгына арналган конференция өтүүдө (фото)








Бүгүн, 26-сентябрда Бишкек шаарында алгачкы кыргыз тарыхчыларынын бири Осмонаалы Сыдык уулунун 150 жылдыгына арналган "Түрк дүйнөсүнүн агартуучулук кыймылынын алкагында Осмонаалы Сыдык уулунун мурасы" аттуу эл аралык конференция өтүүдө. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чарага мамлекеттик катчы Марат Иманкулов, президенттин кеңешчиси Арслан Койчиев, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Эл аралык Түрк академиясынын президенти Шахин Мустафаев, Түрк мамлекеттер уюмунун Аксакалдар кеңешинин мүчөсү Апас Жумагулов, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректору Алпаслан Жейлан, ошондой эле "Манас" улуттук академиясынын өкүлдөрү жана АКШ, Орусия, Азербайжан, Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстандын илимпоздору жана коомдук ишмерлери катышууда.
"Эгерде биз түпкү тарыхыбызды, кыргыз элинин улуттук тарыхын түптөгөн инсандарды билбесек, келечектеги тарыхыбызды да кура албайбыз. Осмонаалы Сыдык уулунун майтарылбас эрки жана башынан өткөн оор күндөрү жаш муундар үчүн үлгү болот. Бизди кубандырганы – анын түрк дүйнөсүндөгү атактуу инсандардын катарына кирип, илимий изилдөөлөрдө артыкчылыктуу багытка айлангандыгы",- деди агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева.
Ошондой эле ал Кыргызстанды өнүктүрүүгө багытталган жаңы муундагы улуттук тарыхый баалуулуктарды калыптандыруу үчүн улуттук эгемендүүлүккө негиз болгон тарых китебин жазуу аракети башталарын жана кыргыз окумуштууларынын, тарыхчыларынын пикирлерин угууга ачык экенин билдирди.
Белгилей кетсек, эл аралык конференцияны Агартуу министрлиги, Эл аралык Түрк академиясы жана "Манас" улуттук академиясы биргеликте уюштурган.
Иш-чаранын алкагында катышуучулар эртең, 27-сентябрда "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине жана "Бурана" тарыхый-архитектуралык музейине зыярат кылышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:41
2025-09-29
16:27
2025-09-29
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.