Илон Масктын атасы балдарына карата зомбулук көрсөтүүгө айыпталууда
Ишкер Илон Масктын атасы 79 жаштагы Эррол Маск сексуалдык мүнөздөгү зомбулук боюнча айыпталууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Эррол Маск 1990-жылдардан бери сексуалдык зомбулук боюнча айыптоолорго туш болуп келген. Bild басылмасы New York Times басылмасына шилтеме берип билдиргендей, Эррол Маскты беш балага жана өгөй балдарга карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөттү деп күнөөлөшкөн.
Биринчи айыптоо 1993-жылы чыккан. Анда төрт жаштагы өгөй кызы туугандарына өгөй атасынын ага ыдык мамиле кылганын айткан.
Кийинчерээк үй-бүлөнүн башка мүчөлөрү да Эрролду өзүнүн эки кызы менен өгөй баласына карата катаал жана зомбулук менен мамиле кылган деп айыпташкан.
Бул боюнча үч тергөө иши башталган. Бирок экөө далилдердин жоктугунан жабылган. Ал эми үчүнчү тергөөнүн жыйынтыгы азырынча белгисиз.
Эррол Маск бардык айыптоолорду толугу менен четке каккан.
"Эч кандай далил болгон эмес, анткени бул – чындыкка коошпогон жомок",- деди ал.
Анын айтымында, туугандары атайын Илон Маскка каржылык басым кылуу үчүн мындай дооматтарды колдонушкан.
Эррол менен Илондун ортосундагы мамиле көптөн бери бузулган. Илон Маск атасы тууралуу өтө сейрек эскерет.
2017-жылы Rolling Stone басылмасына курган маегинде Илон Маск атасы тууралуу: "Ал мүмкүн болгон жаман нерселердин дээрлик бардыгын жасаган",- деп билдирген.
Белгилей кетсек, Илон Масктын өзүнүн да балдары менен мамилеси оңой эмес. 2020-жылы анын кызы Вивиан Женна Уилсон атасынан толук баш тартканын айткан.

