super.kg logo

Аялдар конгресси менен "Росатом" аялдар коомчулугу кызматташтык боюнча Жол картасына кол коюшту

 

Москва шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк атом жумалыгынын алкагында Кыргыз Республикасынын Аялдар конгресси менен "Росатомдун" аялдар коомчулугунун ортосунда кызматташтык боюнча Жол картасына кол коюлду.

"Бүгүн биз өз ара түшүнүшүү боюнча меморандумду ишке ашырууга багытталган так иш-чараларды камтыган Жол картасына кол койдок. Эң маанилүү милдет – Кыргызстандагы аялдар менен жаш кыздарды мүмкүн болушунча көбүрөөк жогорку технологиялык илимдерге тартуу. Анткени илимди өнүктүргөн жана алдыңкы технологияларга ээ болгон өлкөнүн келечеги бар",- деп белгиледи Кыргызстан Аялдар конгрессинин президенти Замира Акбагышева.

Тараптар ошондой эле биргелешкен долбоорлорду, билим берүү демилгелерин жана тажрыйба алмашуу үчүн аянтчаларды түзүүнү макулдашты.

"Росатом" аялдар коомчулугунун жетекчиси Александра Рябых демилгенин эл аралык масштабын баса белгиледи. "Биздин коомчулук 40тан ашык өлкөдө долбоорлорду ишке ашырууда. Октябрь айында Аялдар конгресси менен биргеликте "Россия жана Кыргызстандын аялдарынын диалогу“ аттуу алгачкы форум өткөрүлөт. Ал форум илим тармагындагы аялдарды гана эмес, башка чөйрөлөрдүн өкүлдөрүн да бириктирет. Биз өнөктөштүккө ачыкпыз",- деди ал.

Мындан тышкары, Кыргызстандын Аялдар конгресси Баласагын атындагы университеттин базасында студент кыздар жана окутуучу аялдар үчүн борбор түзүп, аларды илимий-техникалык прогресстин маселелерине кеңири тартуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: