Белгилүү актёр Жеки Чандын Казакстанга кандай максатта келгени айтылды
Казакстанга белгилүү актёр Жеки Чандын келгени тууралуу маалыматтар буга чейин айтылган эле. Белгилүү болгондой, Жеки Чан Казакстанда өзүнүн жаңы долбоорун баштоо үчүн келген. Казак басылмаларынын маалыматында, ал тургай алдыда тартыла турган тасма үчүн тиешелүү жерлер да тандалып калган.
"Биз ири биргелешкен долбоорду ишке ашырууга кириштик. Алматыда болгон күндөрүндө актёр биздин команда менен бирге алдыда тартыла турган кино үчүн локацияларды тандап чыкты. Тасманын чоң бөлүгү Казакстанда тартылат. Азырынча кенен маалымат бербей турабыз",- деп билдирди учурда Чан менен кызматташып жаткан Salem Entertainment компаниясы.
Официалдуу маалыматтар азырынча айтыла элек. Бирок казакстандык ишкер Таир Марасулов Чан менен төрт саат бирге болгонун айтты.
"Мен жөн эле жылдыз эмес, миллиарддаган адамдардын кумири болгон тирүү легенда менен жолугуштум. Анын 70 жаштагы энергиясы укмуш",- деди ал.
23-сентябрда Казакстандын Алматы аэропортунан дүйнөгө белгилүү актёр Жеки Чан байкалган. 71 жаштагы киножылдыздын учактан түшүп жатканы видеого тартылып, бул социалдык тармактарга тез эле тарап кеткен.
Айрым маалымат булактарына ылайык, Жеки Чанды тосуп алууга казакстандык Salem Entertainment медиакомпаниясынын өкүлдөрү келишкен. Бул компания "5:32", "Кара короо" жана "Шекер" сыяктуу сериалдары менен таанылган.
Социалдык тармактарда анын келишине байланыштуу ар кандай божомолдор айтылган. Чан жаңы тасманын же Salem Entertainment менен биргелешкен долбоорго катышуу максатында келгени же "Кайрат" клубу менен "Реал Мадриддин" футболдук беттешине атайын конок катары чакырылган болушу мүмкүн экени айтылган.

