АКШнын лидери жубайы менен чырдашып жаткан учур видеого түшүп калды
АКШнын президенти Дональд Трамп жубайы Мелания менен учакта чырдашып жатканы видеого түшүп калды.
Чет элдик басылмалар билдиргендей, видео 24-сентябрда кечинде АКШ президенти менен биринчи айым Нью-Йорктогу Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын жыйынынан Вашингтонго кайтып келгенде тартылган. Кадрларда 79 жаштагы Трамп 55 жаштагы жубайына карата кол жаңсап, экөөнүн ортосунда эмоцианалдуу сүйлөшүү болуп жаткандыгы байкалат.
Бирок жубайлар учактан кол кармашып түшүп, Ак үйдүн түштүк тарабынан бирге өтүшкөн.
"Daily Mail" басылмасы Трамп менен Меланиянын мамилесиндеги мындай жагдайлар камерага биринчи жолу түшпөгөндүгүн белгиледи. Журналисттер Трамптын өкүлдөрүнөн учурда бул окуя боюнча комментарий сурашууда.
АКШнын лидери Трмап жубайы менен чырдашып жаткан учур видеого түшүп калды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:02
2025-09-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.