super.kg logo

Ысык-Көлдө "Аракет кылуу мезгили" студенттик демилгелер форуму башталды

 

Бүгүн, 26-сентябрда Ысык-Көлдө "Аракет кылуу мезгили" аттуу студенттик демилгелер форуму ачылды.

Иш-чаранын ачылышына "Евразия KG" коомдук фондунун директору Кымбат Урумкулова, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев, илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Кемел Садыков катышты.

Мындан сырткары, өлкөнүн бардык аймактарынан 110 студент чакырылган.

Кымбат Урумкулова студенттердин аябай активдүү экендигин белгилеп, ар дайым энергиясы көп, шайыр болуп жүрүшүн каалады. Ошондой эле өлкөнү жаштар өнүктүрүп, жакшы тарапка өзгөртө аларын айтты.

Форум үч күнгө созулат — 26-сентябрдан 28-сентябрга чейин. Программада студенттик демилгелерди өнүктүрүү, долбоорлорду башкаруу, студенттик коомчулук менен өнөктөштүк түзүү боюнча тренингдер жана тимбилдингдер өткөрүлөт.

Форумдун максаты - жаштарды өнүктүрүү, идеяларды колдоо.

Форумда командалар түзүлүп, коомго реалдуу өзгөрүүлөрдү алып келе турган, долбоорлор ишке ашкан аянтча болуп саналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: