super.kg logo

Зеленский: "Трамп Украинанын согушта жеңишке жетишин каалайт"

 

Украинанын лидери Зеленский АКШ президенти Дональд Трамп Украинанын согушта жеңишке жетишин каалай турганын билдирди. Бул тууралуу ал Axios басылмасына берген маегинде билдирди.

Маалым болгондой, Зеленский Трамптын Украина тууралуу жазган социалдык тармактагы билдирүүсүн окуп, кубанган. Трамп ал билдирүүдө Украинанын жеңе ала турганын жазган.

Мындан тышкары Зеленский Нью-Йоркто Трамп менен өткөн жолугушууну да жогорку деңгээлде баалаган. Анын айтымында, Трамп бул жолугушууга жакшы даярдык менен келген. Эң башкысы, Трамп украиналыктарга ишенсе болорун түшүнгөн.

Зеленский маегинде Трамп менен жолуккан учурда Украинага өтө керек болгон бир нерсе тууралуу айтканын белгиледи. Зеленский анын курал-жарак экенин, аны Орусияга каршы колдонуу үчүн эмес, Путинди сүйлөшүү столуна отургузуу үчүн зарыл экенин белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: