Кара-Кулжада зордук-зомбулукка каршы жөө жүрүш акциясы өткөрүлдү






Бүгүн, 26-сентябрь күнү Кара-Кулжа районунда "Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө" мыйзамдын талаптарына ылайык, зомбулуктун алдын алуу максатында "Зордук-зомбулукка каршыбыз! Туруктуу үй-бүлө" аталышындагы жөө жүрүш акциясы өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош ОИИБи билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чарага райадминистрациянын башчысы-аким Замирбек Сыдыков, РИИБ башчысы Мелис Идирисов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекеме-ишканалардын кызматкерлери, мугалимдер, окуучулар, жергиликтүү хатибияттын өкүлдөрү жана активисттер катышышты.
Анда иш-чарага катышуучулар Кара-Кулжа районунун аймагында "Зордук-зомбулукка каршыбыз! Туруктуу үй-бүлө" деп жазылган атайын плакаттарды көтөрүшүп, көчөлөрдү аралап, жөө жүрүш жасашты.
Милиция кызматкерлери зомбулукка кабылган ар бир жаран укуктук жактан коргоого алынары жана мыйзам чегинде тийиштүү жардам көрсөтүлөрү тууралуу эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Ошондой эле жаштарга зордук-зомбулуктун кесепеттери тууралуу маалыматтарды беришти.
Бул иш-чаранын негизги максаты — зомбулуктун алдын алуу, ынтымакта жашаган бактылуу үй-бүлөнүн образын коомчулукка жайылтуу жана зомбулук жасаган жарандын жоопкерчилигин эскертүү болуп саналат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:50
2025-09-26
21:27
2025-09-26
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.