super.kg logo

Нетаньяху өзүнүн учагынан Йеменди бомбалоого буйрук берген

 

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху АКШга бараткан учактан Санадагы хуситтердин аскердик буталарына абадан сокку урууга буйрук берген. Бул тууралуу өкмөт башчынын кеңсеси билдирди.

"Нетаньяху Нью-Йоркко бараткан учактан Йеменге сокку урууга буйрук берди, андан кийин ал Коргоо министринен, Башкы штабдын башчысынан жана анын аскер катчысынан үзгүлтүксүз маалымат алды",- деп айтылат анда.

Кеңсе соккулар Санадагы хуситтердин штабдарын жана курал кампаларын бутага алганын белгиледи.

Айта кетсек, Нетаньяху кечээ, 25-сентябрда АКШга учуп кеткен. Ал бүгүн БУУнун Башкы ассамблеясында сөз сүйлөмөкчү.

25-сентябрда Израилдин коргоо министри Исраэль Кац Израилдин аба күчтөрү Йемендин баш калаасында хуситтердин бир нече буталарына, анын ичинде бир нече аскерий лагерлерге абадан сокку урулганын билдирген.

Чет элдик басылмалар Израил соккусунан улам Санада кеминде 9 адам каза болуп, 174 адам жаракат алганын жазып чыгышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: