super.kg logo

Зеленскийдин жубайы Трамптын жубайы менен болгон жолугуушусун ачыктады

 

Украинанын президентинин жубайы Елена Зеленская АКШынын биринчи айымы Мелания Трамп менен жолугушуусу тууралуу кабарлады.

Украинанын биринчи айымынын айтымында, алар жалпы баалуулуктарды, биринчи кезекте балдарды коргоону талкуулашкан.

"Мен Меланияга Украинага көрсөткөн колдоосу үчүн, өзгөчө Орусиянын Украинага каршы ырайымсыз согушунун курмандыгы болгон балдарга көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирдим. Атап айтканда, Путинге балдар үчүн тынчтыкты талап кылган каты үчүн. Анын жүрөгү бул темага, ошондой эле дүйнө жүзүндөгү балдардын бакубаттуулугуна ачык экенин абдан баалайм", - деп жазган ал социалдык тармактагы баракчасында.

Буга чейин New York Post гезити Мелания Трамптын улук кеңешчиси Марк Бекманга таянып, Нью-Йоркто АКШнын биринчи айымы менен Владимир Зеленскийдин жубайынын жолугушуусу болбой турганын жазган.

Елена Зеленская айткан Меланиянын каты Аляскада Орусиянын президенти Владимир Путинге АКШнын лидери Дональд Трамп тарабынан тапшырылган.

Ал эми Вашингтондогу Ак үйдө Зеленский Трамп менен болгон жолугушуусунда жубайы Елена Зеленскаянын биринчи айым Меланияга жазган катын тапшырган. Бирок анда эмне тууралуу жазылганы ачыкталган эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: