super.kg logo

Непалдагы түрмөлөрдөн качып кеткендердин 8 миңден ашууну кармалды

 

Непалда массалык нааразылык акциялары маалында түрмөдөн качып кеткендердин 8 миңден ашууну кармалды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Түрмөлөрдү башкаруу департаментинин маалыматында айтылат.

Мекеменин маалыматы боюнча, нааразылык акциялары учурунда Непалдагы түрмөлөрдөн бардыгы болуп 14 549 туткун качып кеткен. Укук коргоо органдары 8054 адамды, анын ичинде 341 жашы жете электерди кармашкан. Башкармалык ошондой эле абактан качкандардын айрымдары өз ыктыяры менен кайтып келгенин белгилейт. Дагы 6494 кылмышкер эркиндикте жүрөт, алардын 622си жашы жете элек балдар. Полиция аларды издөө иштери жүргүзүп жатканы кошумчаланды.

Чет элдик басылмалар белгилегендей, качкандардын арасында киши өлтүрүү, зордуктоо, адам уурдоо жана адам сатуу боюнча соттолгондор да бар. Аларды издөө жана кармоо үчүн армия жана полиция тартылган. Укук коргоо органдарынын айтымында, качкандар башкаларга чоң коркунуч жаратып, кылмыштуу топторду түзгөн болушу мүмкүн. Тополоң учурунда кеңселерден жана казармалардан 1200 ок атуучу курал жана 100 миңге жакын ок-дарылар уурдалган.

Белгилей кетсек, сентябрь айынын башында Непалда өкмөттүн социалдык тармактарга тыюу салуусуна каршы нааразылык акциялары болгон. Митингчилер парламент, Жогорку сот, прокуратура баш болгон өкмөттүк имараттарды өрттөп, саясатчылар менен чиновниктердин үйлөрүнө кол салышкан. 70тен ашык адам набыт болуп, 1300дөн ашууну жарадар болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: