Региондогу атомдук энергетика: Казакстан, Кыргызстан үчүн да маанилүү болгон үч фактор аталды
Атомдук энергетиканы өнүктүрүү маселеси Борбор Азиянын бардык өлкөлөрү үчүн актуалдуу болууда. Кыргызстан АЭС куруу мүмкүнчүлүгүн азырынча изилдеп жатса, Казакстан өз долбоорун ишке ашыруунун активдүү фазасына өттү.
Москвада өткөн Дүйнөлүк атом жумалыгынын (World Atomic Week) алкагында "Казакстан атомдук электр станциялары" ЖЧКсынын башкы директору Ернат Бердигулов тажрыйбасы менен бөлүшүп, атом тармагындагы долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн үч негизги факторду белгиледи.
"Биринчи фактор – нормативдик-укуктук база. Бердигуловдун айтымында, ал алдын ала даярдалып, улуттук коопсуздук талаптарына да, Эл аралык атомдук энергия агенттигинин (МАГАТЭ) сунуштарына да жооп бериши керек.
Экинчи фактор – кадрларды даярдоо. Бул өтө маанилүү, анткени адистерсиз олуттуу долбоорду ишке ашыруу мүмкүн эмес.
Үчүнчү фактор – локалдаштыруу жана өзүнүн атомдук өнөр жай кластерин түзүү. Бул станциянын туруктуу ишин камсыз кылып, байланышкан тармактарды өнүктүрүүгө шарт түзөт", - деди ал.
Бердигулов ошондой эле Казакстан атомдук тармакта чоң тажрыйбага ээ экенин, анын ичинде изилдөөчү реакторлору жана институттары бар экенин белгилеп, өлкө азыр жаңы этапка – өзүнүн атомдук станциясын курууга чыкканын айтты.
"Кыргызстан үчүн азырынча АЭС куруу мүмкүнчүлүгүн гана карап жаткан шартта, буларга басым жасоо боюнча багыт бере алам: эл аралык коопсуздук талаптары, адистерди даярдоо жана өзүнүн базасын түзүү атомдук энергетиканы узак мөөнөттүү өнүктүрүүнүн негизи болуп эсептелет", - деп кошумчалады Бердигулов.
