super.kg logo

Быйыл мектептерде канча окуучу билим алууда?

 

Бүгүн, 26-сентябрда Бишкектеги Ынтымак ордодо министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында Министрлер кабинетинин кезектеги жыйыны өткөрүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалымдагандай, отурумда алгач өлкөдөгү мектепке чейинки жана мектептеги билим берүү маселелери жөнүндө маалымат угулган. Баяндама Агартуу министрлигинин, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин жетекчилери тарабынан жасалган.

Анда бүгүнкү күндө 1997, анын ичинен 286и жеке менчик бала бакчада 257 миң 378 бала тарбияланып жатканы, ал эми быйылкы окуу жылында мектептерде 1 миллион 536 миң 633 бала билим алып жатканы айтылган.

Жыйынтыгында мектепке чейинки жана мектептеги билим берүүнүн деңгээлин жогорулатуу, мазмунун жаңылоо, ошону менен катар агартуу мекемелеринин имараттарынын абалын жакшыртуу жана мугалимдерге бардык ыңгайлуу шарттарды түзүү чараларын көрүүгө байланышкан протоколдук чечимдин долбоору Министрлер кабинетинин мүчөлөрү тарабынан жактырылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: