Жаш мугалимдер МИКтен пайызсыз үй алышы мүмкүн
Мамлекеттик ипотекалык компания жаш мугалимдерди нөлдүк пайыздык шартта турак жай менен камсыз кылуу программасын иштеп чыксын. Мындай тапшырманы бүгүн, 26-сентябрда Бишкектеги Ынтымак ордодо өткөн Министрлер кабинетинин жыйынында өкмөт башчы Адылбек Касымалиев койду.
Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, отурумда өлкөдөгү мектепке чейинки жана мектептеги билим берүү маселелери жөнүндө маалымат угулган. Анда баяндама Агартуу министрлигинин, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин жетекчилери тарабынан жасалган.
Адылбек Касымалиев 1-сентябрдан баштап 12 жылдык билим берүүнүн алкагында алгачкы балдар кабыл алынганын, окуу китептерин басып чыгаруу иштери активдүү жүргүзүлгөнүн, президенттин тапшырмасы менен ар бир мугалимди ноутбук менен камсыздоо ишке ашырылып жатканын айтып, бир катар тапшырмаларды берген.
“Агартуу министрлиги, аймактарда бала бакчалар менен камсыздоо иши күчөтүлсүн, мугалимдерди персоналдык ноутбуктар менен камсыздоону аягына чыгарыңыздар. Китептерди иштеп чыгууга жана басып чыгарууга 3 миллиард сом каржылоо жагы камсыз кылынсын. Жалпы мектептеги билим берүүнүн 12 жылдык окуу форматка өткөндүгүнө байланыштуу мугалимдердин квалификацияларын жогорулатуу боюнча иш-чаралар үзгүлтүксүз жүргүзүлсүн.
Мамлекеттик ипотекалык компания жаш мугалимдерди нөлдүк пайыздык шартта турак жай менен камсыз кылуу программасын иштеп чыксын. Курулуш министрлиги Бишкек, Ош жана Манас шаарларындагы демографиялык өсүүнү эске алуу менен, билим берүү имараттарын куруу боюнча башкы планды кайрадан карап чыгууну камсыз кылсын жана аларды учурдагы жарандык курулуш стандарттарына ылайык, заманбап инклюзивдик талаптарга ылайык кайра түзсүн", - деген ал.
