Эми биринчи керектелүүчү азыктар дагы да жеткиликтүүрөөк: "Евразияда" "Социалдык себет" долбоору ишке кирди
"Евразия" социалдык дүкөндөрү калкты колдоонун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү улантууда. Бүгүнөн тартып тармакта жаңы долбоор – "Социалдык себет" башталды. Анда ар ай сайын биринчи керектелүүчү азыктар өздүк наркынан төмөн баада сатылат.
Долбоордун башкы өзгөчөлүгү – өздүк нарк менен акыркы баанын айырмасын "Евразия" фонду өз мойнуна алат. Бул чечим пенсионерлерге, ардагерлерге, көп балалуу үй-бүлөлөргө жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга негизги азыктарды жеткиликтүүрөөк кылат.
Себеттин курамы ар ай сайын өзгөрүп турат. Бул сатып алуучулардын муктаждыктарын мүмкүн болушунча эске алууга шарт түзөт. Биринчи топтомго көпчүлүк үй-бүлөлөрдүн күнүмдүк рационунун негизин түзгөн азыктар кирди: жаңы эт, өсүмдүк майы жана жумуртка.
Жаңы долбоордун өнүгүшү кызматташтыктын аркасында да ишке ашууда. "Социалдык дүкөндөр - Евразия КР" ААКсы "Кыргыз Агрохолдинг" менен жаңы этти үзгүлтүксүз жеткирүү боюнча келишим түздү. Бул кызматташтык биринчи социалдык себетке этти кошууга жана сатып алуучуларды сапаттуу азыктар менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берди.
"Евразия" социалдык дүкөндөрү ААКсы "Кыргыз Агрохолдингге" ыраазычылык билдирет - компаниянын атынан гана эмес, ошондой эле пенсионерлердин, ардагерлердин жана бул долбоордон чыныгы колдоо тапкан бардык сатып алуучулардын атынан. "Евразия" башка жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү да түздөн-түз кызматташууга чакырат, анткени биргелешкен аракеттер менен улууларга жана социалдык жактан аяр катмарларга биринчи керектелүүчү азыктарды дагы да жеткиликтүү кылууга болот.
"Евразия" социалдык дүкөндөрүнүн миссиясы өзгөрүүсүз бойдон калууда — калктын аяр катмарларын колдоо, аларды биринчи керектелүүчү азыктар менен жеткиликтүү баада камсыз кылуу. "Социалдык себет" программасы бул багыттагы дагы бир маанилүү кадам болду.
