super.kg logo

Израилдин өкмөт башчысы БУУнун трибунасында дүйнөлүк лидерлерди сынга алды

 

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө Палестина мамлекетин тааныган өлкөлөрдүн лидерлерин сынга алды.

"Сиздердин уятсыз чечимиңиздер дүйнө жүзү боюнча еврейлерге жана бейкүнөө адамдарга каршы терроризмди күчөтөт. Бул баарыңар үчүн уят иш", - деп келтирет анын сөздөрүн чет элдик басылмалар.

Нетаньяху Палестина мамлекетине каршы чыгуу жеке өзүнүн же өкмөтүнүн саясаты эместигин, а Израил мамлекетинин жана элинин саясаты экенин белгилеген.

Израилдин премьер-министри трибунага чыкканда көптөгөн өлкөлөрдүн делегациялары залдан чыгып кетишкен. Ошентип ал жарымы бош калган залда сүйлөдү.

Айта кетсек, БУУнун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында өткөн конференцияда Андорра, Бельгия, Люксембург, Мальта, Сан-Марино жана Франция Палестина мамлекетин тааныганын жарыялашкан. Андан тышкары, 21-сентябрда Австралия, Улуу Британия, Канада жана Португалия Палестинаны расмий таанышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: