АКШ Колумбия президентинин визасын жокко чыгарды. Себеби?
Колумбиянын президенти Густаво Петро америкалык аскерлерди АКШнын лидери Дональд Трамптын буйругуна баш ийбөөгө чакыргандан кийин АКШ анын визасын жокко чыгарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти Петронун визасы Нью-Йорктун көчөлөрүндө Израилге каршы чыккан нааразычылык акцияларынын катышуучуларынын алдында сүйлөгөн сөзүнөн кийин жокко чыгарылганын ырастаган.
Айта кетсек, кечээ, 26-сентябрда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүнөн кийин Нью-Йорктун көчөлөрүнө жүздөгөн демонстранттар чыгышты. Анда БУУнун жыйынына катышуу үчүн келген Колумбия президенти демонстранттардын алдына чыгып: "Мен Америка Кошмо Штаттарынын армиясынын бардык жоокерлеринен мылтыктарыңарды адамзатка багыттабоону суранам. Трамптын буйругуна баш ийбегиле! Адамзаттын буйругуна баш ийгиле!" - деген.
Петро БУУнун жыйынында да АКШнын Палестинага жасап жаткан Израилдин чабуулуна колдоо көрсөтүүсүн айыптаган.
АКШ Колумбия президентинин визасын жокко чыгарды. Себеби?

