Таиланд менен Камбоджанын чек арасында ок атышуу болду
Бүгүн, 27-сентябрда Камбоджа менен Таиланддын чек араларында ок атышуу болгонун чет элдик басылмалар жызышты. Эки тарап ок атышууну токтотуу келишимин бузуп жатат деп бири-бирин айыпташкан.
Камбоджанын Коргоо министрлиги Таиланддын куралдуу күчтөрү Ан-Сес районундагы Камбоджанын армиясынын базасына ок атуучу куралдар менен чабуул кылганын билдирген. Ал эми Таиланддын Коргоо министрлиги Камбоджанын аскерлери Чонг-Ан-Ма районунда өлкөнүн армиясынын позицияларын гранатомёттор менен аткылашканын маалымдаган.
Эскерте кетсек, Камбоджа менен Таиланддын ортосунда чек арада бир нече олуттуу аскердик кагылышууларга алып келген аймактык жаңжал бар. Быйыл июль айында чек арада танктар, артиллерия жана учактар катышкан куралдуу кагылышуулар болгон. Ок атышпоо келишимин тараптар 28-июлда жарыялашкан.
