“Кыргызтелеком” Кыргызстандын ичинде акысыз Wi-Fi кармаган 10 аймакты ачат
“Кыргызтелеком” Wi-Fi`ды акысыз колдонууга боло турган 10 аймакты ачат. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда аталган мекеменин басма сөз кызматчысы Камилла Мурзаева билдирди.
Анын айтымында, Wi-Fi орнотуу Токтогул жана Жалал-Абаддан башталат. Аталган шаарлардын борбордук аянттарынан каалоочулар акысыз интернетти колдоно алышат. Андан соң Кербен айылына, Кадамжайдын борбордук аллеясына, Ош шаарынын аэропортуна жана Ивановка айылындагы "Кыргызтелекомдун" имаратынын жанына Wi-Fi түйүнү ачылат.
Булардан сырткары Бишкектеги Кыргыз-Орус Славян университетинин гуманитардык, экономикалык жана юридикалык факультеттерине, Москва-Коёнкөзов көчөлөрүнүн кесилишине жана Аламүдүн районунун Мраморное айылында Wi-Fi орнотулмакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
10

