ХАМАС 2 жыл мурун Израилге жасалган чабуулдар үчүн өкүнбөй турганын билдирди
ХАМАС кыймылы 2023-жылдын 7-октябрында Израилде 1200гө жакын адамдын өмүрүн алган жана 250дөн ашуун кишини барымтага алган кол салуулар үчүн өкүнбөйт. Бул тууралуу аталган кыймылдын саясий бюросунун мүчөсү Гази Хамад CNN телеканалына берген маегинде билдирди.
Ал Палестина мамлекетинин таанылышына эл аралык колдоо күчөгөнүн жана БУУнун Израилди айыптоосуна таянып, кол салуу палестиналыктарга пайда алып келгенин белгиледи.
Хамад ошондой эле палестиналыктардын шейиттери менен сыймыктанарын айтты. Мындан тышкары ал согушту токтотуу боюнча АКШ менен сүйлөшүүлөр токтотулганын билдирди.
"Америкалыктар жаман ниет менен аракеттенип, убадаларын аткарбай, израилдиктерге жагуу үчүн өз сунуштарынын шарттарын өзгөртүп жатышат", - дейт Хамад.
Белгилей кетсек, Газа тилкесин көзөмөлдөгөн ХАМАС 2023-жылдын 7-октябрында Израилге кол салган. Ошондон бери Израил Газага каршы чабуулдарын улантып келет. Акыркы маалыматтар боюнча, андан бери кеминде 60 138 палестиналык каза болуп, 146 269 киши жаракат алган.

