Бишкекте 22 жаштагы жигит кылмышын жашыруу үчүн батирди өрттөдү (видео)
Бүгүн, 29-сентябрга караган түнү Бишкек шаарындагы батирлердин биринде эки жигит бычакталып, андан кийин өрт чыкты. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, каргашалуу окуя Чыгыш-5 кичирайонунда катталды. Батирде 2006-жылы туулган Б.Г., Б.А. 2003-жылы туулган Т.Т., 2004-жылы туулган М.Р. жана 2003-жылы туулган З.З. аттуу жарандар болгон. Жигиттердин ортосунда пикир келишпестик орун алып, 22 жаштагы З.З. учтуу нерсе менен Т.Т. жана М.Р.аттуу балдарга жаракат келтирип, кылмышты жашыруу максатында шектүү батирди өрттөп жибергендиги аныкталды.
Окуя болгон жерге "Тез жардам" кызматы чакырылып, жарадар болгон жарандар бел тарабына тийген бычак жаракаттары менен ооруканага жеткирилди.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор зыян келтирүү) боюнча кылмыш иши козголду.
Милиция тарабынан З.З. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Иш боюнча тергөө уланууда.
Бишкекте 22 жаштагы жигит кылмышын жашыруу үчүн батирди өрттөдү

