super.kg logo
  Саясат  

Ош: Мелис Мырзакматовдун тарапташтарынын митингдеги аракеттери боюнча кылмыш иши козголду

 
15-январда Ош шаарынын борбордук аянтына чогулган митингчилердин аракеттери боюнча кылмыш иши козголду. Муну Ош ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Митингде мэриянын имаратын кайтарып турган 16 милиция кызматкери жаракат алганы айтылды. Кылмыш иши мэриянын имаратын басып алууга аракет жасоо, милиция кызматкерлерин таш менен уруу жана президент Алмазбек Атамбаевдин сүрөтүн эл алдында өрттөө аракеттери боюнча козголду. 
ОИИББи жабыркаган милиция кызматкерлери боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалганын билдирет. 

Эскерте кетсек, 15-январда Ош шаарынын мэрин шайлоо учурунда Мырзакматовдун тарапташтарынын бири Алмазбек Атамбаевдин сүрөтүн өрттөгөн. Ошол эле учурда мэриянын имаратын басып алууга аракет болуп, айрым милиция кызматкерлеринин жаракат алганы айтылган болчу. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: