Данияда жарандык дрондорду учурууга убактылуу тыюу салынды

Дания Евробиримдик саммитинин алдында коопсуздукту күчөтүү максатында өлкө аймагында жарандык дрондорду учурууга убактылуу тыюу киргизди. Транспорт министрлигинин маалыматына караганда, бул чара бүгүн, 29-сентябрдан 3-октябрга чейин күнү-түнү күчүндө болот. Министр Томас Даниэльсен дрондор коомдук коопсуздукка жана туруксуздукка себепкер болбошу керектигин баса белгиледи.
Соңку күндөрү Данияда аэропорттордун жана аскердик объекттердин үстүнөн белгисиз дрондордун учуп өткөнү бир нече ирет катталган. 22-сентябрда Копенгаген аэропортундагы авиакаттамдар бир нече саатка токтотулган. Дрондор Ольборг, Эсбьерг, Сённерборг аэропортторунун жанында жана Каруп, Скридструп аскердик базаларынын үстүнөн да байкалган.
Премьер-министр Метте Фредериксен бул окуяларды "гибриддик чабуулдар" деп атады. Эксперттер буга Орусиянын катышы болушу мүмкүн экенин божомолдошууда, бирок Москва бул дооматтарды четке кагууда.
1-октябрда Копенгагенде Евробиримдиктин бейрасмий саммити өтөт, андан кийинки күнү Европа саясий коомчулугунун жыйыны пландалган. Германия Даниянын өтүнүчү менен эл аралык иш-чараларды коргоо максатында Копенгагенге аскерлерин жөнөтөт.
