super.kg logo

Орусия Украинага массалык сокку урду, курман болгондор бар

 

Орусия түн ичинде Украинага 12 саатка созулган массалык аба чабуулун жасады. Президент Владимир Зеленскийдин маалыматына ылайык, өлкөгө 500 дрон жана 40 ракета, анын ичинде "Кинжал" куралдары колдонулуп, негизги соккулар Киевге, Запорожье, Хмельницкий, Сумы, Николаев, Чернигов жана Одесса облустарына багытталды.

Киевде Кардиология институту, нан жана дөңгөлөк заводдору, турак үйлөр жана башка жарандык объекттер жабыркап, кеминде төрт адам, анын ичинде 12 жаштагы кыз каза болду. Украина боюнча 40тан ашуун киши жаракат алган.

Зеленский Кремлди атайылап жарандарды бутага алуу менен коркунуч жаратууга айыптап, союздаш өлкөлөрдү Москвага саясий жана финансылык кысым көрсөтүүгө чакырды.

Орусиянын Коргоо министрлиги бул соккуларды Украинанын аскердик-өнөр жай ишканаларына жана аскерий аэродромдордун инфраструктурасына багытталганын билдирди.

Ошондой эле АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс Орусия акыркы апталарда Украина жана АКШ менен сүйлөшүүлөрдөн баш тартканын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: