super.kg logo

Трамп Газа боюнча "өзгөчө" келишимди даярдап жатат

 

АКШ президенти Дональд Трамп Axios басылмасына берген маегинде Газа тилкесинде согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр "акыркы баскычка" жеткенин билдирди. Анын айтымында, келишим Жакынкы Чыгышта кеңири тынчтык орнотууга өбөлгө түзөт. Трамп араб өлкөлөрү менен сүйлөшүүлөр жемиштүү жүрүп жатканын, ХАМАС да процесске тартыларын айтты.

Маалыматка караганда, келишимдин негизги пункттарына ок атышууну токтотуу, 48 саат ичинде барымтадагы адамдарды бошотуу, израилдик аскерлерди Газанын аймагынан акырындык менен чыгаруу, ХАМАСсыз башкаруу механизмин түзүү жана анклавды калыбына келтирүү үчүн мусулман өлкөлөрүнүн каржылоосу кирет. Ошондой эле ХАМАСты куралсыздандыруу жана Газаны демилитаризациялоо каралган.

Учурда АКШ менен Израилдин ортосунда эки негизги пикир келишпестик бар: ХАМАСты куралсыздандыруунун шарттары жана Газага Палестина администрациясынын кандай деңгээлде катышары. Израил премьер-министри Биньямин Нетаньяху Палестина администрациясынын ролуна каршы экенин билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: