Путин Трамп менен Москвада жолугушууга даяр
Кремль өкүлү Дмитрий Песковдун айтымында, Орусия президенти Владимир Путин АКШ президенти Дональд Трамп менен Москвада жолугушууга даяр экенин билдирди. Ал ТАСС агенттигине берген маегинде Путин буга чейин Трампты Аляскадагы саммит учурунда Москвага чакырганын эске салды.
Песков ошондой эле Орусиянын Улуу Британия менен Франциянын өзөктүк куралдарын да эске алуу тууралуу сунушу актуалдуу бойдон турганын айтты. Анын сөзүнө караганда, алгач Москва менен Вашингтон "Жаңы стратегиялык куралдарды кыскартуу келишими" боюнча сүйлөшүүлөрдү башташы зарыл, андан кийин жалпы өзөктүк арсенал маселеси каралат.
Эске салсак, Путин менен Трамп быйыл августта Аляскадагы Анкоридж шаарындагы аскердик базада жолугушкан. Анда Путин кийинки саммитти Москвада өткөрүүнү сунуштап, Трамп муну мүмкүн экенин билдирген.
