Жээнбек Кулубаев АКШда миграция маселесин көтөрдү

ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуу 26-сентябрда Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын алкагында өттү.
Анда тараптар эки өлкө ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүнүн негизги маселелерин жана келечегин талкуулашты. Буга удаа саясий жана соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү багытында биргелешкен аракеттерди улантууга даяр экенин тастыкташты.
Сүйлөшүүдө соода-экономикалык кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурулуп, бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издөөнүн маанилүүлүгү белгиленди. Кулубаев кыргыз тарап АКШлык инвесторлорду жана жаңы технологияларды тартууга кызыкдар экенин айтып, бул үчүн бардык шарттарды түзүүгө даяр экенин баса белгиледи. Өз кезегинде, америкалык тарап өз ара кызыкчылыктарга жооп берген багыттар боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө берилгендигин ырастады.
Тараптар ошондой эле санкциялык, визалык жана миграциялык маселелерди карап чыгышты. Министр Кулубаев санкцияларга карата тең салмактуу мамиле зарылдыгын жана Кыргыз жарандары үчүн визалык талаптарды жеңилдетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Бул маселелер боюнча үзгүлтүксүз байланыштарды сактоонун зарылдыгы айтылды.
Андан сырткары тараптар аймактык кызматташуунун келечегин талкуулап, "С5+1" форматындагы өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
Жолугушуунун жыйынтыгында алар кеңири спектрдеги эки тараптуу кызматташтык боюнча конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин тастыкташты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:06
2025-09-26
Рейтинг:
0

