"Бүгүн жашоомо саресеп салчу күн". Ырчы KG Эльмурат 38 жашка толду
"Сүйүү элеси", "Күлгүн жаш", "Сүйүү деңизи" аттуу хит ырларды аткарган ырчы KG Эльмурат бүгүн, 29-сентябрда 38 жашка толду. Ырчы мырзаны өздүк майрамы менен куттуктагандардын катарын биздин портал да толуктады.
"Бүгүн туулган күнүм менен алгачкылардан болуп келинчегим куттуктады. Ага чейин апам чалган экен, кайра өзүм байланышып, апамды бул күн менен мен да куттуктадым. Негизи бүгүнкү күн эң биринчиден апамдын майрамы.
Анан сиз байланышка чыгардын алдында балдарым үстүндө шам жагылган торт көтөрүп келишти. 38 деген сандар менен шам алышкан экен, "3" санын жоготуп алышып, 8ди жандырып эле куттукташты",-деп, өздүк майрамынын жакшы маанайда башталганын айтты Эльмурат мырза.
Ырчынын айтымында туулган күн ал үчүн кайсы максаттарыма жеттим, жаштыгымдагы кайсы кыялымды орундаттым, алдыдагы пландарды ишке ашыруу үчүн эмнелерди жасашым керек, балдарымдын жакшы билим алуусуна дагы кандай шарттарды түзүп бере алам, үй-бүлөмө жетиштүү убакыт бөлүп жатамынбы деген сыяктуу суроолорду өзүнө узатып, анализ жасачу күн.
"Бул күн убакыттын өтүп жатканын эстетип бир кейитет, бирок намаз окуп, ушул күндөрдү көрүп жатканыма шүгүр кылам",- деп кошумчалады ал.
Туулган күнүңүздү кимдер менен, кандай белгилейсиз деген суроого Эльмурат мырза бул күнгө өзгөчө план деле коё бербегендигин, анткени үй-бүлөсүнө арнарын айтып жооп берди.
Ырчынын эсте калган өзгөчө белеги тууралуу сураганыбызда, ар бир белек ал үчүн баалулугун жана аларды сактап коёрун айтып, жаштыгын эске салды.
"Мен үчүн мага арнап берилген белектин баары баалуу жана өзгөчө. Ошондуктан мен аларды жакшы сактайм. Азыр да үйдө бир бөлмөдө сакталуу. Жаштык кезде күйөрмандардан да белектер көп келчү. Алардын барын сактап койгом",- деп жылмайды.
KG Эльмурат учурда өзү ачкан студияны жана кафени иштетүү менен алек. Андан сырткары спирт ичимдиктери коюлбаган, адал тойлорду алып барат. Ошондой эле жакынкы күндөрү чыгармачылыкта жакшы жаңылыктар болорун айтып кызыктырды.
Анын айтымында быйыл сахнада жүргөнүнө 20 жыл болду. Бирок белгилүү бир себептерден улам концерт берүүгө кечигип жатканын кошумчалады.
Эске салсак, KG Эльмурат 2013-жылы Жайнагүл аттуу айым менен баш кошкон. Учурда түгөйлөр 2 уул, 2 кызды тарбиялап келишет.
29-сентябрга карата жылнаама.
