Эртең Бишкектин айрым аймактарында ысык суу өчүрүлөт
Бишкектин айрым көчөлөрүндө эртең, 30-сентябрда убактылуу ысык суу берүү токтотулат. Бул тууралуу калаа бийлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, бул күнү саат 9:00дөн 16:00гө чейин Үсөнбаев көчөсүндөгү жылуулук түтүктөрдү кайра кошуу иштерин жүргүзүүгө байланыштуу төмөнкү аймактарда ысык суу берилбейт.
- Шопоков көчөсү, 34;
- Бөкөнбаев көчөсү, 61.
"Бишкек жылуулук тармагы" муниципалдык ишканасы убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:17
2025-09-30
12:04
2025-09-30
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.